Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.07.2016 11:59

Ноокендеги кымыз ичүү сынагына 91 жаштагы аксакал катышып, жеңүүчү 7 чыны кымыз ичти (фото)

Turmush -  Ноокенде кымыз майрамы белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Иш-чаранын максаты – кыргыз элинин улуттук суусундуктарын даңазалоо. Ага Ноокен, Сакалды, Шайдан, Бүргөндү, Достук, Момбеков, Масы айыл өкмөттөрүндө даярдалган кымыздар алынып келди.

Кымыз ичүү сынагына 15 адам катышты. Катышуучулардын эң улуусу 91 жаштагы аксакал болду. Жыйынтыгында Шайдан айыл өкмөтүнүн атынан катышкан жашоочу 7 чыны кымыз ичип, 1-орунду ээледи. 2-орунду 6 чыны кымыз ичкен Масы айыл өкмөтүнүн өкүлү багындырды.

Кымыз ичүү сынагына катышкан катышуучулар жалпысынан 50 литр кымыз ичишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×