Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Ноокенде досун өлтүргөн шектүү денени түнү менен казып чыккан аңга көмгөн (толугу менен)

Turmush -  Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Кочкор-Кыштак айылындагы турак үйдүн чарбагына көмүлгөн дене табылганы маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-июлда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Ак-Бата айылынын 56 жаштагы тургуну Т.Батыров 25 жаштагы уулу Тажимырза уулу Муратбек 4 күндөн бери дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ыкчам иликтөөлөр менен белгилүү болгондой, 10-июлда саат 23:00 чамасында Тажимырза уулу Муратбекти классташы, досу – Кочкор-Кыштак айылынын 25 жаштагы тургуну А.К. үйүнө чакырып, спирт ичимдигин ичишкен. Ал учурда өз ара урушуп, А.К. колундагы жыгач таяк менен Тажимырза уулу Муратбекти бир нече жолу башына урган. Муратбек алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.

Кылмышты жашыруу максатында шектүү үйүндөгү жер төлөгө денени сүйрөп киргизип, түнү менен окуя болгон жерден 20 метр аралыктагы чарбактан 1 метр тереңдиктеги чуңкурча казган. Ага Тажимырза уулу Муратбектин жансыз денесин көмүп салган.

Окуя болгон жерде ыкчам топ кароо жүргүзүп, шектүүнүн кандын тактары бар кийимдерин табышкан. Ал жерде текшерүү улантылып, Муратбектин жансыз денеси көмүлгөн жер казылган.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Ноокен РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш ишин козгоду.

Шектүү А.К. алгачкы тергөөдө кылмышын толук мойнуна алып, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1875
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×