Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

ӨКМдин басма сөз кызматынын жетекчиси А.Бекилов Жалал-Абаддагы башкармалыкты убактылуу жетектейт

Turmush -  ӨКМдин 15-июлда өткөн коллегиясынын чечиминин негизинде ӨКМдин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын башчылары ээлеген кызматтарынан бошотулган. Бүгүн, 18-июлда жаңы жетекчилер дайындалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милдети министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловго жүктөлдү.

Тиешелүү буйрукка министр Кубатбек Боронов кол койду, деп маалымдайт басма сөз кызматы.

ӨКМдин Баткендеги башчысынын милдетин К.Курганбаев аткарат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1127
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×