Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.07.2016 10:33

Кыз узатуу: Кыз куумайга түшкөн кыздар жигиттерге жеткирбей келишти (видео, фоторепортаж)

Turmush -  Тарых жана маданият жылына жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык көрүү багытында райондор арасында өтүп жаткан кыз узатуу салты Токтогул районунда да өзгөчө белгиленди.

Облустук деңгээлде өтүп жаткан теледолбоор сынагына негизинен унутта калып бараткан жөрөлгөлөрдү билген жергиликтүү тургундар катышты. Анда кыз узатууда жүз көрүү, жеңе каадасы, кошок айтуу жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Кыздын жеңелери менен күйөө жолдоштор обондуу ырлар менен айтышып, түрдүү ырларды аткарып беришти. Ак элечек менен кыргыздын оймо чиймеси түшүрүлгөн кийим кийип жүргөн улгайган апалар кыз узатуунун көркүн ачты. Улуттук кийим кийген апалар айланасы жашылга курчалган жайлоодо шырдак, кийиздерде отуруп, айрымдары маектешип, айрымдары ыр ырдап шаңга бөлөп жатышты.

Сынакка карата 2 боз үй тигилип, анда гитара, комуз, аккордеон сыяктуу аспаптардын коштоосунда элдик ырлар ырдалды. Куда тарап дагы ырларды аткарып, кыз куумай, аркан тартыш, көк бөрү юндары ойнолду.

Кыз куумайга эки кыз чыгып, экөө тең кыз куумайга түшкөн жигиттерге жеткирбей келишти. Оюндун шартына ылайык, экинчи жолкусунда кыздар жигиттерге камчы салып келишти. Бул оюн көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, аркан тартуу таймашы да кызуу өттү.

Видео:

Видео - Кыз узатуу салтындагы кошок айтуу жөрөлгөсү

Кыз узатуу: Ала-Букада илгерки жыгач буюмдар колдонулуп, мергенчинин тамагы жасалды (фото)

Кыз узатуу: Ала-Букада 19-кылымдагы кыргыздардын жашоосу, каада-салты көрсөтүлдү (фото, видео)

Чаткалда көрсөтүлгөн кыз узатуу салтындагы жүз көрүшүү жөрөлгөсү (фото, видео)

Чаткалда жүз ачуу, жеңетай, чач өрүү, куржун салуу салты менен кыз узатылып, ат оюндар менен коштолду (фото, видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×