Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.07.2016 16:06

Базар-Коргондун акими Т.Долдоев Кытайга барып, инвесторлорду чакырды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.

Район жетекчиси Кытайдагы тери, жүн иштетүүчү ишкерлер менен жолугушуп, Базар-Коргон районундагы инвестициялык климат жөнүндө маалымат берүү менен аларды кызматташууга чакырды.

«Базар-Коргон районунда малдын саны акыркы 4 жылда кескин өстү жана алардын териси, жүнү кайра иштетилбей, ысырап болуп жаткандыгы белгилүү», - деди Долдоев.

Ал эми, кытайлык ишканалардын өкүлдөрү сапатын текшерип көрүү үчүн жүн жана тери сурашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×