Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.07.2016 11:15

Кара-Көл шаарынын жаңы мэрин шайлоо күнү белгиленди

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-июлдагы жыйынында Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо күнүн бекитти. Ага ылайык, Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын жаңы мэри 21-июлда шайланат.

Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо буга чейин 4-июлда өткөн. Талапкерлер 1-турда тиешелүү добуш топтой албагандыгына байланыштуу 2-тур өткөрүлдү.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештеги КСДП фракциясы көрсөткөн талапкер Гүлбара Жетешикова 15 добуш, ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөткөн Эламан Ысмаилов 9 добушка ээ болгон. Ал эми, 6 депутат барына каршы добуш берип, 1 бюллетень жараксыз болуп чыккан. Шайлоого жалпы 31 депутат катышты.

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Г.Жетешикованын талапкерлигине 14 депутат «макул» деп добуш берсе, 16 депутат «каршы» добуш берген. Ал эми, 1 бюллетень жараксыз болгон. Жыйынтыгында анын талапкерлиги дагы өтпөй калды.

Шайлоодо талапкерлер жалпы 31 депутаттын көпчүлүк добушуна ээ болушу керек болчу.

БШКнын Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Эстебес Уулу Тилек билдиргендей, 21-июлга белгиленген шайлоого башка талапкерлер катышат.

«4-июлдагы шайлоого катышкан эки талапкер кийинки шайлоого катыша албайт», - деди ал.

Учурда Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин Нурманбет Жекшеев аткарып жатат.

А 1

Буга чейин ал биринчи вице-мэр кызматын аркалап келген. Н.Жекшеев биринчи вице-мэр кызматына 2016-жылы сынактык тандоонун негизинде дайындалган.

Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Мамбет Койчиев ага карата кылмыш иш козголгондугуна байланыштуу кызматынан 6-июнда бошотулду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×