Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 08.07.2016 09:41

Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Токтогул аймактык ооруканасындагы төрөт бөлүмү ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен 3 млн сомго оңдолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына оорукананын директору Нуржамал Тешебаева маалымдады.

Анын айтымында, мекеменин төрөт бөлмөлөрү, санитардык бөлмөлөр, ымыркайлар үчүн жандандыруу бөлүмү, төрөт бөлмөсүнүн ашканасы, кабыл алуу бөлүмү оңдолуп жатат. Мындан сырткары 370 метрдеги канализация түтүктөрү жаңыланууда.

Ошондой эле, жыл сайын мекемени оңдоо үчүн бөлүнүүчү 2,5 млн сомго тендер өткөрүлүп, оорукананын ашканасы, стерилизация бөлүмү оңдолуп, мекеменин айланасындагы 317 метр тротуарга брусчатка төшөлүүдө.

6 айдын жыйынтыгы боюнча аталган ооруканага 73 жаран дарыланып, 41 хирургиялык операция жасалды жана 550 бала төрөлдү.

Токтогул району өлкөнүн тоолу жана алыскы райондорунун катарына кирет. Райондун калкынын саны 65 миң 120 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×