Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 06.07.2016 13:33

Сузактагы ишкерлер Кыргызстанда биринчи жолу жаңгак ширесинен суусундук чыгара башташты (фото)

Turmush -  Сузак районунун Ырыс айылында жаңгак ширесинен суусундук чыгарыла баштады. Мурда Turmush басылмасы кыргыз-түрк ишканасында ар кандай мөмө-жемиштерден 25 түр шире чыгарыла баштагандыгын маалымдаган. Азыркы учурда ишкана ишин улантып жатат.

Жаңгак ширесин «Фермерс Органик Гарден» ишканасы чыгарууда. Анда чыгарылган суусундуктар ден соолукка пайдалуу экендиги айтылууда.

А 1

А 2

А 3

Жаңгак ширесинин жөнөкөй жана кофе менен аралаштырылып жасалган түрлөрү бар.

КРнын Укук министрлигинин маалыматына караганда, ишкананын жетекчиси — Кайыпов Абдыкапар Турдуевич, түзүүчүлөрү — Кайыпов Абдыкапар Турдуевич, Казаев Юнус Азизович жана Баклан Али. Ишкана 2014-жылдын 17-июнунда каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×