Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.07.2016 18:12

Кара-Көл шаарынын 2016-жылга карата бюджети кабыл алынды

Turmush -  Бүгүн, 4-июлда Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өткөрүлүп, анда шаардын 2016-жылга карата бюджети кабыл алынды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сессияга 19 депутат катышты. Кара-Көл шаарынын 2016-жылга карата жалпы бюджети 110 млн 628 миң 400 сом болуп бекитилди.

Анын ичинен шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 27 млн 104 миң сом бөлүндү.

Ал эми 2015-жылдын жыйынтыгы менен бош калган үнөм каражат 11373,2 сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×