Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактагы Ак-Тоок айылы ээн талаада жалгыз жүргөн тооктун атынан калган

Turmush -  Сузак районундагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылынын аталышы бул аймакты байырлаган жалгыз ак тоокко байланыштуу. Айылдын аталышы тууралуу жергиликтүү тургун Сыдыкбай Төрөгелдиев айтып берди.

«Орус падышачылыгынын (Николай 1) доорунда бул жер ээн талаа, эч ким баспаган жер болгон экен. Орус аскерлери жол жүрүп отуруп, бул жерге дагы байырлап калышкан. Алар өздөрү менен кошо ала жүргөн ак тоокторду багып, алардын жумурткасы, эти менен тамактанышкан.

Бир күнү бул аймактагы орус аскерлеринин сапары карып, бул жерден көчүп жөнөшөт. Алар кетип жатканда ак тооктордун бири калып калат. Жалгыз калган тоок өзүнүн тамагын өзү таап, жалгыз күн кечирет. Бул талаадан өткөн адамдар ак тоокту көрүп, бири-бирине "ак тоок жүргөн жердемин" деп түшүндүрүшкөн. Жалгыз ак тоок жүргөн жерге бара-бара адамдар жайгаша баштайт. Ошентип ээн талаа айылга айлана баштайт.

55

Отурукташкандар бул талааны ак тоок жүргөн жер деп белгилеп жүрүп, Ак-Тоок айылы аталып калган», - деди Төрөгелдиев.

Учурда Ак-Тоок айылында 1 миң 973 адам жашайт. Жашоочулардын басымдуусу мал чарбачылыгы менен алектенишет. Айылда 1 спорт зал, 1 мектеп бар.

52

51

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7819
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×