Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.06.2016 11:17

Барпы театрындагы артисттердин эмгек акысы кыскартылды

Turmush -  Жалал-Абад облустук Барпы атындагы театрдын эмгек жамааты бир айлык эмгек өргүүгө чыкты. Бул тууралуу театрдын директорунун орун басары Конокбай Курманбеков билдирди.

Анын айтымында, театрдын артисттери 1-августта жумушка чыгып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданып баштайт. Буга катар эле август айында республикадагы театрлар арасында «Театрлар таймашы» сынагынын экинчи туру өтөт. Анда Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери Ош облустук Султан Ибраимов атындагы драм театры менен таймашат. Таймаштын биринчи турунда жалал-абаддык артисттер Баткен облустук театрын утуп алган.

«Күз айларында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюну жана театрлардын республикалык фестивалы өтөт. Ага жаңы спектакль даярдашыбыз керек. Быйыл кызматкерлерибиздин маянасы кыйла кыскартылды. Ага карабай Барпы атындагы театр иштеп жатат», - деди Конокбай Курманбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×