Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуАксы району 29.06.2016 11:05

Аксылык төкмө акын Ы.Барпиевдин дыйкандар менен малчыны даңазалаган китеби акысыз таратылды

Turmush -  Аксы районунда жашаган төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ысак Барпиевдин «Айылдан тапкан китебим» китеби окурмандарга бекер таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ал өз китебинде дыйкан менен малчы, пахтачыларды даңазалаган.

«Ойлоп көрсөм азыркы акындар, жазуучулар колунан иш келгендерди, кичине акчасы барларды эле жазып калышыптыр. Ал эми кетменчини, дыйканды, малчыны, тамекичи менен пахтакерди эч ким жазбайт. Мен билген ушундай ак мээнети менен жашаган ондогон, жүздөгөн мыкты адамдар бар. Мен ошолорду жаздым. Ушул китепке мен азамат деп баалаган 444 жердешимдин ысымы киргизилди. Алардын ким экени, жасаган иши айтылды. Миң нуска менен чыгарсам, бардыгы жөн гана белек катары таратылып кетти.

Мен китепти сатуу үчүн чыгарган жокмун. Ушул адамдардын ысымы калсын, бала-чакасы, кийинки муун билсин деген ой менен чыгардым. Каармандарым жалаң гана карапайым, дили таза, ушак айтпаган, жаман сөз дегенди билбеген, байлык деп чуркабаган адамдар», - деди Ысак Барпиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×