Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.06.2016 18:44

Жалал-Абадда салык төлөбөгөн ишкерлер аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында салыкты өз учурунда төлөбөй жүргөн ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын башчысы Абида Кочкорова билдирди. Анын айтымында, ыктыярдуу патент менен 2-3 жерден соода жайын ачып, бирок бир эле патенттин салыгын төлөп жүргөн ишкерлер ачыкка чыкты.

Жергиликтүү салыкчылар үймө-үй кыдырып, ишкерлердин тизмесин тактоо иштерин жүргүзгөн. Анын негизинде Мамлекеттик салык кызматынан каттоодон өтпөй, салык төлөмдөрүн өз учурунда төлөбөй жүргөн ишкерлер аныкталган.

«Ушул мезгил ичинде 2245 салык төлөөчү аныкталды. Алардын ичинен ыктыярдуу патент менен иш жүргүзгөн 1395 ишкер, милдеттүү патент менен иш жүргүзгөн 177 ишкер үй салыгын 3 жылдан бери төлөбөй келген.Үлүш жерлерин пайдаланып, бирок жер салыгына төлөм жүргүзбөй, мүлк салыгын төкпөй жүргөндөр дагы бар», - деди ал.

Салыкчылар шаар аймагындагы 11 миң 448 кожолукту кыдырып чыгып, жыйынтыгында 4626 кожолуктан 2 миллион 573,9 миң сом салык топтошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×