Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.06.2016 17:58

Токтогулда поэзия кечеси өттү

Turmush -  Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын кеңешме залында чыгармачыл жаштардын «Нурборбор» уюму тарабынан поэзия кечеси уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Анын айтымында, кечеде журналист Абдымамбет Сариев Үркүндүн 100 жылдыгы, дин, улуттук каада-салт тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, «Нурборбор» академиясынын алдындагы «Жаңы толкун» адабий ийриминин мүчөсү болгон жаш акын-жазуучулар өз чыгармаларын көркөм окуп беришти. Поэзия кечеси быйылкы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×