Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 23.06.2016 09:08

Элдик уламыш: Чаткалдагы Ыдырыс-Ата мазарына чет өлкөлөрдөн дагы келгендер көп (фото)

Turmush -  Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата мазарына келгендердин саны арбын. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, эл арасында Ыдырыс пайгамдар аркы дүйнөгө тирүү кеткен деген сөз бар. Пайгамбар чоң 3 суунун кошулган жеринде 380 метр бийиктикте кайып болуп, ал жерде үңкүрчө пайда болот деп айтылган.

Азыркы күндө Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылында жайгашкан бул мазар Чандалаш, Тогуз-Суу жана Мазар-Сай сууларынын куймасынын жанында 350-380 метр бийиктикте жайгашкан жана үңкүрчө бар. Мазарда ден соолук, тынчтык, ынтымак, токчулук, бала сурап келгендер, ал эми сууларын ар кандай жара ооруларына пайдаланууга келген адамдар көп. Бул аймакка Кыргызстандан эле эмес коңшулаш Өзбекстан менен Казакстандан дагы тынымсыз келишет. Мазарга келгендер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×