Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуАксы району 17.06.2016 17:05

Аксылык акын-жазуучулар тууралуу китеп чыкты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда акын жана жазуучу Ырысалы Жанчаров түзгөн «Аксы — талант казынасы» деген аталыштагы көркөм-адабий китеп жарыкка чыкты.

Бишкек шаарындагы жоопкерчилиги чектелген «Гүлчынар» коому (басмаканасы) басып чыгарган бул китепке Аксы районунда туулуп, өскөн акын-жазуучулардын, залкар таланттардын өмүр баяндары жана алардын чыгармаларынан үзүндүлөр жарыяланган.

Китеп Жеңижок акындын күү атасы Ниязалы Борош уулунун, кыякчы Муратаалы Күрөңкеевдин өмүр чыгармачылыгынан жана кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев, кыргыз эл жазуучулары Төлөгөн Касымбеков, Жунай Мавлянов, төкмө акын Токтосун Тыныбеков, Тургуналы Молдобаев, Салибай Шатманов өңдүү аксылык 42 акын-жазуучу тууралуу баяндайт. Бул китептин чыгышына КРнын эмгек сиңирген экономисти, аксылык Малабек Токтоболотов демөөрчүлүк кылган.

Бул китеп Тарых жана маданият жылына багышталып чыгарылгандыгын түзүүчү Ы.Жанчаров билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×