Turmush — Талас районуна караштуу Арал айылынын 53 жаштагы тургуну Жамалбек Кулманов трактору жана айыл чарбасына керектүү бардык технкиалар менен айылына кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы анын иши менен таанышып кайтты.
Өзүнүн айтымында, аскердик милдетин Ооганда өтөп, Кандагардагы согушка да катышкан.
«Талас облусунун аймагында климатка жараша 15-20 күндөй айырма бар. Мисалга алсак Манас, Кара-Буура райондорунда чөп чабык аяктап калса, Бакай-Атада эми башталды. Ал эми, Талас шаары менен Талас району чөп чабыкты 10 күндөн кийин башташат», - деди ал.
Жубайы Калича экөө 6 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Уулу Тыныс дагы өзүн чогуу иштейт.
«Бир күндө эрте баштасак, аба ырайы жакшы болсо 1500-1800 түк чөп таңгактап кое алабыз», - деди тракторчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.