Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.06.2016 16:22

Жалал-Абаддагы «Ариет» чыгармачыл борборунун кыздары Антальядагы фестивалга катышты (фото)

Turmush -  Анталья шаарында өткөн жаштардын эл аралык фестивалына Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдардын чыгармачылык борборунун балдары катышып келди. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Жыпара Аманкулова билдирди.

Анын айтымында, фестивалга балдар кыргыздын улуттук үч бийи менен барышты. Алар «Темир комуз», «Кыз кербез» жана «Кара жорго» бийлерин тартуулашты.

«Фестивалга жалпысынан 7 мамлекеттен барышты. Аталган фестивалга Азия мамлекеттеринин арасынан биздин топ гана катышты. Бизге таасир калтырган элдик каада-салттарды чагылдырган бийлер да болду. Маселен, орок кармап бийлешти.

Бизде 10 жыл мурда "Пахтачы" бийин бийлешчү. Кийинки жылы ошол бийди даярдап барабыз. Фестивалда биринчи, экинчи, үчүнчү орун деп бөлгөн жок. Аларда орундарды бөлүштүрүп койсок, балдар достошпой эле карама-каршы болуп калышат деген түшүнүк бар экен. Ошондуктан фестивалдын катышуучуларынын барына окшош сертификаттарды, белектерди тапшырышты.

Фестивалга "Ариет" борборунан 4 кыз катышып келишти. Антальяга Жалал-Абад шаарынын мэри баш болгон жетекчилердин колдоосу менен барып келдик», - дейт Ж.Аманкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×