Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн 2 кабаттуу бала бакча ачылат (фото)

Turmush -  Былтыр өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы №52870 аскер бөлүгүнүн расмий ачылышына келгенде аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.

Өлкө башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бала бакча менен камсыздоо тапшырмасын берип, өзү жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирген. Көк-Жаңгак шаарынын бийлиги тарабынан атайын бош жаткан эки кабаттуу имарат балдар бакчасына сунушталып, 7 ай ичинде имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жылуулук системалары дагы коюлду.

Бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө республикалык бюджеттен 5 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Капиталдык оңдоодон сырткары бакча балдарга керектүү болгон эмеректер менен камсыздалды. 90 орунга ылайыкталган бакча июль айында расмий ачылат.

№52870 аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнөн 35 бала бакчага келет, ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын балдары да кабыл алынат. Бакчадагы штат маселеси да чечилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 904
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×