Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.06.2016 13:29

Нурманбет Жекшеев Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Жекшеев Нурманбет Сарычалович Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

А 1

Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 6-июнда кол койгон.

Буга чейин ал биринчи вице-мэр кызматын аркалап келген. Н.Жекшеев биринчи вице-мэр кызматына 2016-жылы сынактык тандоонун негизинде дайындалган.

Өмүр баяны

Н.Жекшеев 1973-жылы Кара-Көлдө туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча инженер-гидротезник. 1993-1998-жылдары Кыргыз аргардык академиясында билим алган.

Эмгек жолун 2001-жылдан 2003-жылга чейин Кара-Көл шаарык мэриясында курулуш жана өнөр жай боюнча башкы адис болуу менен баштаган.

2003-жылдан 2005-жылга чейин Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу болгон.

2005-2006-жылдары Токтогул Каскаддар ГЭСинде объекттерди эксплуатациялоо боюнча координациясында иштеген.

2006-жылдан 2009-жылга чейин Россиянын Сахалин шаарындагы «Рабочий-1» ЖЧКда мастер болуп иштеген.

2009-жылдан 2014-жылга чейин «Кыргызгидроспецстрой» ААКта инженер болуп, андан кийин ААКтын курулуш боюнча директору болгон.

2014-жылдан 2015-жылдын июнь айына чейин «Кыргызгидроспецстрой» ААКтын техникалык директору, 2015-жылдан тарта «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын адистик техникалык бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×