Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.06.2016 16:31

М.Койчиев мөөнөтүнөн мурда Кара-Көлдүн мэрлигинен бошотулду

Turmush -  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиевди кызматынан бошотту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мэрди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу буйрукка кечээ, 6-июнда кол коюлган.

М.Койчиев

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан премьер-министрге Кара-Көл шаарынын мэрин мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу сунушталганы маалымдалган.

Кечээ, 6-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мэрге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2-беренеси (КРнын жер мыйзамын бузуу) жана 179-беренеси (жерлерди мыйзамсыз каттоо) менен кылмыш иши козголду.

Белгилүү болгондой, 2011-жылдын 14-ноябрында М.К. тарабынан 1 миң 513 чарчы метр аянттагы жер тилкеси кафе куруу үчүн 15 жылдык мөөнөткө ижарага берилип, ага жыл сайын 400 сомдон ижара акы төлөп туруу чечилген.

Ал учурда Кара-Көл шаардык кеңешинин чечими менен 1 чарчы метрдин ижара акысы айына 14 сом 40 тыйын деп бекитилген.

Мэрдин мындай аракетинин кесепетинен мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×