Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 04.06.2016 15:34

Жалал-Абаддагы уз-чеберлер менен өнөрпоздор арасында «Керемет жерим — Кыргызстан» сынагы өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 4-июнда Ноокен районунда «Керемет жерим — Кыргызстан» кароо-сынагы өтүп жатат. Облустук деңгээлде уюштурулган кароо-сынакка 200гө чукул өнөрпоздор, уз-чеберлер катышууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Катышуучулар элдик ырларды аткарып, каада-салттар жана этномода көрсөтүлүп жатат. Уз-чеберлердин колунан жаралган унутта калган жана заманбап стилдеги кийимдердин 30га жакын коллекциясы көрсөтүлдү. Ошондой эле, келген конокторго өнөрлөрүн тартуулаган ырчы-чоорчуларга калыстар тобу өз бааларын берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×