Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунда ВИЧ менен 708 адам катталган, анын 76сы өспүрүмдөр (фото)

Turmush -  Ноокен районунда облустук саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешмеси өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Эгамбердиева, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Миянов баштаган саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Кеңешмеде ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруунун алдын алуу иштери, кардиология кызматынын учурдагы абалы талкууланууда.

Облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Элмира Сатарованын айтымында, облуста ВИЧ илдети менен ооруган 708 адам бар.

«ВИЧ илдетине чалдыккандардын 76сын 14 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт. Быйыл бул оору боюнча 22 учур катталды, алардын экөө жаш балдар», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1200
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×