Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 03.06.2016 09:33

Айыл турмушу: Ала-букалык жаш ишкер желим терезе, эшиктерди жасоочу цех ачып, жакшы киреше табууда (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылынын 34 жаштагы тургуну Салмоорбек Жарманов мындан үч жыл мурда желим терезе жана эшиктерди жасоочу атайын цех ачып, ишкердүүлүгүн баштаган.

С.Жарманов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда буюртмалар көбөйгөндүктөн тынымсыз иштеп жатышат.

«Желим материалдардын сапатына жана түрүнө жараша терезе, эшиктердин баалары ар кандай. Орусия жана Кыргызстандан өндүрүлгөн материалдардын чарчы метри 40-45 долларга бааланууда. Түркиядан өндүрүлгөн материал бир аз кымбатыраак. Учурда курулуш иштери башталгандыктан буюртмалар көп болууда. Биз кардарлардын талабын эске алуу менен буюртмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга аракет кылып жатабыз. Кирешеси жакшы. Болгону тынымсыз эмгекти талап кылат», - дейт ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×