Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.06.2016 16:37

Айыл тумушу: Аксылык үй-бүлө нан азыктарынын түрүн чыгарган чакан ишкана ачты (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Өлөң-Булак айылынын тургуну Самарбек Дөөлөталиев үй-бүлөсү менен нан азыктарын бышыруучу ишкана ачкан.

С.Дөөлөталиевдин айтымында, алар нан азыктарын бир гана жергиликтүүлөргө сатпастан, мектептерди, бала бакчаны, дүкөндөрдү да камсыздап келишет.

«Бул ишкананы балдарыбыздын, үй-бүлөбүздүн келечеги үчүн ачканбыз. Элди да сапаттуу нан азыктары менен камсыздап жатканыбызга кубанабыз. Бул ишти баштаганыбызга эки жылга жакын убакыт болуп калды. Эки жыл аралыгында нан азыктардын түрүн бышырууну өздөштүрдүк», - дейт ишкердин жубайы Гузеркан Кыдыралиева.

Ишкер үй-бүлө жергиликтүү 7 тургунду жумуш менен камсыз кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×