Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 02.06.2016 13:38

Айыл турмушу: Ноокендик М.Капашов этти устукандоо боюнча аймактагы мыкты адис (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Ноокен айылындагы той-аштар Мукамбет Капашов менен анын айылдагы жардамчыларысыз өтпөйт.

М.Капашовдун айтымында, ал жардамчылары менен бирге кой, уй, жылкыларды союп, устукандап бөлүп, этин бышырып, эт бышкандан кийин жиликтеп бөлүштүрүп, мааракеге келгендерге таратат.

Союла турган малдан канча устукан жилик чыгарын, ал эт менен канча адамды тейлесе болоорун эң жакшы өздөштүрүп калды. Кимге кандай устукан тартуу керектигин өзүнүн жардамчыларына дагы үйрөттү.

Учурда бул өнөрүн балдарына үйрөтүүдө. Ал бөкөл (эт туурагыч же эт бөлүштүргүч) катары айылдаштарына кызмат кылууга дайыма даяр турат. М.Капашов Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн суу бөлүмүнүн башчысы болуп да эмгектенет.

Учурда эгин талааларына сугат суусу жетиштүү экенин, сууну үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн каналдар менен арыктар тазаланганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×