Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 31.05.2016 19:23

Айыл турмушу: Таш-көмүрлүк мугалим Т.Сооронбаев комуз менен домбраны бир учурда, бир адам черткидей кылып жасады (фото, видео)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасындагы №8 орто мектептин мугалими Таштанбек Сооронбаев көп жылдан бери өрүктөн, жаңгактан кыргыздын, казактын жана орус элинин улуттук музыкалык аспаптарын жасайт.

Т.Сооронбаевдин айтымында, ал өз колу менен комуз менен домбраны бир учурда, бир адам черткидей кылып жасаган.

Кыяктын бир нече түрлөрүн, жетиген жана чертмек сыяктуу аспаптарды да жасайт. Бактардын тамырларынан да ар түрдүү айбанаттардын сөлөкөтүн жасоо менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышып келүүдө.

Ал 4-5-классында окуп жүргөндө эле комуз черте баштаган. Азыр элге таанымал болгон «Ак бакай», «Тогуз кайрык», «Кыргыз көчү» сыяктуу ондогон залкар күүлөрдү аткарып жүрөт. Балдардын чыгармачылык үйүндө да жаш комузчуларга сабак берет.

Бүгүн, 31-майда Жалал-Абадда өткөн «Мен - кыргыздын жаранымын!» аттуу этнографиялык фестивалга да өз колунан жаралган бир нече музыкалык аспаптар жана өзү жасаган буюмдар менен катышты. Ал буга чейин «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» деген төш белги менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×