Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.05.2016 09:32

Кара-Көлдөгү мамлекеттик кызматкерлер «Эл ичи — өнөр кенчи» сынагында мелдешти (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын «Энергетик» маданият үйүндө 28-майда «Эл ичи—өнөр кенчи» кароо-сынагы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул иш-чара Тарых жана маданият жылына карата «Кылым карыткан кыргыз элим» иш-чарасынын алкагында жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында өттү.

Сынакта шаардык №89 кесиптик лицей жана Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун өнөрлүү таланттары күч сынашты. Сынактын тапшырмасы боюнча эки мекеменин кызматкерлери «Манас» эпосунан үзүндү аткарып, Үркүндү сахналаштырып көрсөтүштү. Ошондой эле, улуттук аспаптардын коштоосунда чыгармаларды, кыргыз бийлерди жана элдик ырларды аткарып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштурушту.

Жыйынтыгында 189 упай менен Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борбору жеңишке жетти. Сынакты шаардын маданият бөлүмү уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×