Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.05.2016 14:20

Айыл турмушу: Ноокендик үй-бүлө мал чарбасын өнүктүрүп жатат (фото)

Turmush -  Ноокен айылынын жашоочусу Ташмамат Токобеков мал чарбасын өнүктүрүүдө. Аймактык кабарчы анын иши менен таанышып кайтты.

Ал өмүрлүк жубайы Уулкан Базарбаева жана өз уул-келиндери менен бирге Кара-Булак айылында 150 койду, 20 чакты уйду жана бир нече жылкысын багып жатат.

Зайыбы Уулкандын айтымында, алардын 6 уул-кызы жана 22 небереси бар. 1990-жылдан бери мал багып жүрүп, үйүн жаңылап куруп, чарба иштери үчүн унаа сатып алды. Кыздарын окутуп, турмушка чыгарып, балдарын үйлөнттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×