Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ала-букалык уста кокон стилиндеги ээрлерди жасап, 6 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Жапа-Салды айылынын 43 жаштагы тургуну Чыңгызбек Соорбеков ата кесибин улантып, 25 жылдан бери ээр чабат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Ч.Соорбековдун айтымында, чабылган ээрлердин айрымдарын кардарлар өздөрү келип алып кетишсе, айрымдарын ал Бишкек шаарына алып барып сатат. Бир ээрди толук жасап бүтүү үчүн үч күн иштөөгө туура келет.

«Мен жасаган ээрлер курама ээр деп аталат. Анткени жыгачтын кесиндилерин курап, желимдеп жасайм. Ээр жасоодо талды, жаңгакты материал кылып колдоном. Алгач жыгачтын кесиндилерин курап, андан соң чабылып, формага келтирилет. Формага келген ээрге уйдун жышылып, кургатылган терисин каптайм. Уйдун териси капталган ээр бышык болот. Бир айда 4-5 даана ээр жасап, ар бирин 6 миң сомго чейин сатам.

Акыркы күндөрү улак тарткандардан кокон стилиндеги ээрлерге буйрутмалар көп түшө баштады. Анткени анын формасы чоң жана ыңгайлуу. Мындай кокон стилиндеги ээрлер акыркы убакта белекке да көп бериле баштады. Ошондуктан бул ээрлерге суроо-талап көп болууда», - дейт Ч.Соорбеков.

Уста ээр чабуудан сырткары темир устачылык менен алектенип, атка такаларды жасап, ширетүүчүлүк кесипти да аркалап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4560
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×