Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.05.2016 12:42

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Т.Чокоева кыздарга шуруларды кооздоп түйүүнү үйрөтүү менен тарбиялык сабак өтөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Токтокан Чокоева балдардын чыгармачыл үйүнүн токуу ийриминин базасында түзүлгөн кошумча ийримдин кыздарына шуру түйүүнүн ыкмаларын үйрөтүүдө.

Т.Чокоева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал кыздарга шуру түйүүнү үйрөтүү менен тарбиялык сааттарды дагы өтөт. 25-майда ал ийримдин кыздарына Үркүн темасына арналган сабак өтүп, анда Шор-Булак тууралуу уламышты айтып берди.

«Бул уламышты мен акын Асек Урманбетов менен Мурат аттуу агалардан уккан элем. Үркүн жылдары Кытайга өтүүчү чек арадагы ашуулардын биринде болгон окуя экен. Кыргыздар жолдон азап тартып, бирде ач, бирде ток болуп, суукка калып үшүшкөн. Ашууга барганда кыргыз жубайлар аскадан кулап каза болушкан. Ал эми алардын кичинекей наристеси бешик менен аңтарылып кулап, асканын бооруна такалып калган. Алар менен бара жаткан жанындагылар муну байкабай калышат. Бешиктеги наристе ыйлап жатып каза болот. Анын көз жашынан булак пайда болгон дешет. Андан улам ал жерди Шор-Булак деп аташкан. Үркүндөн кайтып келе жаткан карыя булактан суу ичип жатып, наристенин көз жашынан жаралган суу туздуу, шор болот деп айткан экен. Ал эми булак бешик аңтарылган асканын боорунан агат экен», - деди Т.Чокоева.

Ал бул уламыштын мааниси, тарбиялык жактан баалуулугу эң жогору экендигин айтып, анын өзөгүндө чындык да бар экендигин белгиледи.

«Кыздар шуру түйүүнү менден жөн гана үйрөнүп кетпестен кийин бул өнөр аркылуу жакшы иштерди баштаса болот», - дейт ийрим жетекчиси.

Сабактын аягында балдар чыгармачыл үйүнүн директору Рахат Жусупбекова ийримдин катышуучу кыздарынын жасаган эмгектерине баа берип, аларга грамоталарды тапшырып, куттуктоолорду айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×