Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 26.05.2016 09:06

Айыл турмушу: Токтогулдук Д.Тотонова тушёнка чыгарган ишкана ачты (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын тургуну Динара Тотонова «Токтогул тушёнкасы» ишканасын ачты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Тотонованын айтымында, тушёнкалар уйдун этинен жасалат. Учурда ишканада 9 миң сомдон маяна алып иштей турган 4 жумушчу даярдыктан өтүүдө. Ишкананы ачуу демилгеси 2009-жылы пайда болуп, 9 миң АКШ долларына станоктор алынып келинген. Андан бери каражаттын жетишсиздигинен ишкана иштебей турган. Ишкер айым жакында «Айыл банктан» 500 миң сом насыя алып, ишканага керектүү жабдууларды алды.

Өндүрүлгөн продукция мамлекеттик стандарттык талаптарга жооп бергендиктен атайын сертификатка ээ болгон. Учурда жергиликтүү базарга сунушталууда.

«Мен өндүрүшкө кызыгам. Анткени бул адамдын ден соолугуна таасир берүүчү продукция. Кичине эле жаңылыштык болсо сапаты начар боло баштайт. Ошондуктан ар бир консерванын жабылышына өзүм көзөмөл жүргүзөм. Учурда тушёнка чыгарган ата мекендик өндүрүшчүлөр аз. Баардык тушёнкалар Казакстан, Россиядан келет. Бир гана Кара-Балта шаарынан чыккан тушёнкалар бар. Алардан айырмаланып биз өндүргөн тушёнкалар арзан жана даамдуу. Бул даамды даярдоонун жеке сыры бар. Буюрса райондун базарынан сырткары жактарга да сатыкка чыгарабыз деген чоң пландарыбыз бар», - деди Тотонова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×