Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 25.05.2016 15:34

Айыл турмушу: Токтогулда кол өнөрчү пенсионерлерден түзүлгөн топ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууда (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында түзүлгөн «Нуска ак элечек апалар» кол өнөрчүлөр тобу курак курап, боз үйдүн жасалгаларын жасоо менен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы көргөзмөгө даярданууда.

«Нуска ак элечек апалар» тобунун 63 жаштагы жетекчиси Клара Чаргынованын айтымында, бул топто азыр 18 мүчө бар. Топ пенсия курагындагы чебер апалардан түзүлгөн. Топтун урааны — «Узунсуз кыска болбойт, улуусуз нуска болбойт».

Кол өнөрчүлүктөн сырткары алар өздүк көркөм чыгармачылык менен алектенишет. Ушул жылы Үч-Терек айыл аймагында отчеттук концерт тартуулап, элдик ырларды, санат-насыят ырларын аткарышкан.

Улуттук кол өнөрчүлүктү колго алган бул топ учурда боз үйдүн жасалгаларына буюртма алууда. Боз үйдүн жабдуусун толугу менен 45 миң сомго жасашат. Түшкөн кирешеге цехке тигүү машиналарды сатып алууну пландашууда. Бул топтун айылдык маданият үйүндө тигүү цехи жайгашкан. Мындан сырткары, алар бирдиктүү кыргыз формаларын даярдап, кыз узатуу тойлорунда ак батасын беришет. Бул кызматты алар акысыз көрсөтүшөт.

2014-жылы Нооруз майрамына карата аталган топ айыл үчүн өздөрүнүн каражатына сүмөлөк бышырып, окуучу балдардын жардамы менен бардык үйлөргө акысыз таратып беришкен. Бул саамалыкты алар 3 жыл катары менен уюштуруп келишет. Бул жылы «Нуска ак элечек апалар» тобуна катарлаш түзүлгөн орто жаштагы апалардан турган «Үч мээрим» тобуна эстафета катары өткөрүп беришкен.

К.Чаргынованын айтымында, жаңы түзүлгөн топ апалар баштаган ишти өнүктүп, улантып кетүүнү максат кылат. Ал 42 жыл физика сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенип, мектеп директору, райондук билим берүүнүн башчысы болгон.

Үй-бүлөлүү, 5 баласы бар. Учурда ардактуу эс алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×