Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.05.2016 15:35

Жалал-Абадда бий фестивалы өтүүдө

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин жана Жалал-Абад шаарындагы «Ай-Бий» бийчилер тобунун демилгеси менен республикалык бий фестивалы өтүүдө.

«Ай-Бий» бийчилер тобунун 10 жылдыгына карата уюштурулган фестивалга Ош, Чүй, Талас облустарынан жана Кара-Көл шаарынан келген бий топтору катышууда.

Ачылышына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов, шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков жана Маалымат маданият жана туризм министрлигинен келген өкүлдөр катышты.

Э.Ормоков «Ай-Бий» бийчилер тобун 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

«Бүгүнкү иш-чара Тарых жана маданият жылынын урматына өткөрүлүп жатат. Жалал-Абад шаарында Борбор Азияга белгилүү болгон эки бийчилер тобу бар. Анын бири «Сайма» бийчилер тобу болсо, экинчиси «Ай-Бий» бийчилер тобу. Алыскы облус, шаарларыбыздан келген бийчилерге да ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди кааалайм», - деди Э.Ормоков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×