Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 23.05.2016 13:00

Айыл турмушу: Ала-Букада 15 жаштагы окуучу кыз буюртмага көйнөктөрдү тигип, киреше табат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Р.Кулуев атындагы орто мектептин окуучусу, 15 жаштагы Азода Музаффар кызы жаш болгонуна карабай тигүүчүлүк менен алектенет.

Азода Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал тигүүчүлүктү өз алдынча үйрөнүп, учурда көйнөктөрдү, жаздык, төшөктөрдү тигип жатат.

«Апам тигүүчү болуп иштейт. Үйдө ага жардамдашып жүрүп тиккенди үйрөнүп алгам. Алгачкы көйнөктү 12 жашымда тиккем. Мектепте өткөн көргөзмөлөргө өзүм тиккен буюмдарды алып барганда мугалимдер апасынын тиккен буюмдары деп ишенбей жүрүштү. Кийин тиккен буюмдарымды көрүп, ишеништи. Азыр буюртмаларды алып, ар кандай көйнөк, жаздык, төшөк, пардаларды тигем. Тапкан акчамды апама берем», - дейт ал.

Кызынын эмгектери менен сыймыктанган апасы келечекте тигүүчүлүк боюнча кызынын жогорку билим алуусун каалайт. «Кызым тигүүгө жөндөмү бар. Мен ага атайын деле үйрөткөн жокмун, өз алдынча үйрөндү. Кызым келечекте мыкты тигүүчү болот деп үмүттөнөм», - дейт апасы.

Жаш тигүүчү өзүнүн тиккен боюмдары менен көргөзмөлөргө да катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×