Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу 23.05.2016 11:41

Айыл турмушу: Токтогулдук жылкычылар Суусамырдын жайлоосунан киреше табышат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Бел-Алды айылынын тургуну Бакен Сакеев 9 жылдан бери айылда жайлоого чыккандардын башын бириктирип, жайкысын Суусамыр жайлоосундагы жол жээгинде кымыз, курут жана саамал сатуу менен киреше табат. Аймактык кабарчы анын иши менен таанышып кайтты.

Анын өзүнүн айтымында, Суусамыр жайлоосуна баруучулардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

«Азыр ашууларыбыздын жолу ачыла элек. Биздин айылдан Суусамырга чейин 7-8 сааттык жол. Жолдору татаал. Биз өзүбүз боз үйлөрдү жана керектүү буюмдарыбызды унаа менен алып барабыз. Учурда жылкылар төлдөп жатат. Ашуунун бели ачылса барабыз деп турабыз. Жыл сайын Суусамырдын кымызына суроо-талап жогору болууда. Биз буга чейин кымызды тоодон айылга түшүрүп, андан райондун борборуна алып барып сатып келсек, Суусамырда жайлоодо туруп эле андан жогору баага сата алабыз», - деди ал.

Сакеев буга катар эле жылкыларды көзөмөлдөп туруу оор экендигин айтты.

«Бизде кыш мезгили оор болот. Жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашып турат. Малдын саны көбөйгөн сайын жапайы карышкырлар дагы жылдан-жылга күч алууда. Жылкыларды күн-түн кайтарууга туура келет. Айылдагы жылкычылар карышкырларды атып турабыз. Жыл сайын айыл боюнча 30-40ка жакын бодо малыбызды карышкырга алдырып турчубуз. Бул жылы тынымсыз аракеттерден улам карышкыр келген жок. 2014-жылы карышкыр күч болгондуктан айыл ичинде аралып жүргөн учурлар болду.

Карышкырларды жок кылуу максатында Таластан таза кандуу 2 тайган алып келгем. Учурда Ак-Билек аттуу дөбөт тайганым түлкү, чөөлөрдү кармаганга жарап калды. Эми буюрса карышкырга салып көрсөмбү деп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×