Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.05.2016 16:03

Айыл турмушу: 53 жаштагы ала-букалык Н.Жоробаева кыздын себин 40 миң сомго жасайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Кашкалак айылынын 56 жаштагы тургуну Нышанбү Жоробаева өз үйүнө мындан 3 жыл мурун тигүү цехин ачкан.

Н.Жоробаева аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, тигүүчү машиналарды алуу үчүн атайын долбоор жазып, каражат алган. Бүгүнкү күндө айылдык үч аялды жумуш менен камсыздады.

«Мен өзүм 2-топтогу майыпмын. Мүмкүнчүлүгүм чектелгенине карабай тегүү цехин ачып, иш баштагам. Айылдагы элдерден буюртмаларды кабыл алабыз. Көбүнчө буюртма боюнча кыздарга сеп даярдап, терезе пардаларын дагы тигебиз. Бир кыздын себин даярдоого 40 миң сомго чейин акы алабыз. Аны биз 15 күндөй убакытта тигип бүтөбүз. Андан сырткары, аялдар үчүн көйнөк, халаттарды да тигебиз. Тигүүчүлөргө жасаган жумушуна жараша айлык төлөнөт», - деди Н.Жоробаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×