Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.05.2016 11:43

Айыл турмушу: Токтогулдук Ч.Жусупбекова балдарга комуз чертүүнү акысыз үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Токтогул районунун тургуну Чынара Жусупбекова көп жылдан бери райондук балдар чыгармачылык үйүндө комузчулар ийримин жетектейт.

Ч.Жусупбекова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 1980-жылы Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайды бүтүрүп, Токтогулдагы музыкалык мектебинде 1980-жылдан 1985-жылга чейин комузчу болуп иштеген.

Ошол кезде көптөгөн таланттуу окуучуларды тарбиялады. Алардын ичинен алдыңкылары райондук музыкалык мектептерде иштеп келсе, өзгөчө талантка ээ манасчы, комузчу, аткаруучу жана дастанчы Өмүрзак Кайыпов учурда Филорманияда эмгектенүүдө.

«Учурда комуз өнөрүнө кызыккан жаш өспүрүмдөрдүн саны абдан көп. Алар ар дайым комуз чертүүгө шарттын жоктугунан жакшы багыт албай келүүдө. Эгер райондук, облустук же республикалык деңгээлде жок дегенде ар бир квартал сайын комузчулардын сынагы уюштурулуп, мыктылары аныкталып турса, комуз үйрөнгөн өспүрүмдөргө чоң стимул болот эле. Биздин балдар чыгармачылык үйүбүздүн отчеттук концертинде жана шаардык, райондук маданий иш-чараларда гана комуз чертишет. Алар жогорку деңгээлдеги фестивалдарга катышса жакшы болот эле», - дейт жетекчи.

Ал белгилегендей, буга чейин алар 2011-жылы Таш-Көмүр шаарында уюштурулган кароо-сынакка катышып, лауреат болуп келишкен.

«Быйылкы Тарых жана маданият жылына карата дагы чоң иш-чаралар өткөрүлсө, комузчулар менен барып катышат элек. Учурда комуз ийримине катышкандар эч кандай каражат төлөшпөйт. Мындай учурда комузга болгон чыныгы ышкыбоздорду таап чыгуу абдан кыйын. Себеби көпчүлүгү акысыз болгондуктан келип, кайра кетип калышат. Мен өзүм бул кесипти сүйгөндүктөн, өзүм үйрөткөн күүлөрдү окуучулардан угуп, рахат алуу чексиз бакыт тартуулайт», - дейт Ч.Жусупбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×