Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.05.2016 11:21

Айыл турмушу: Токтогулдук Ө.Осмонбеков атасынан мурас катары калган өрөөндөгү жалгыз суу тегирменди иштетет (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Бел-Алды айылынын тургуну Өмүрбек Осмонбеков көп жылдан бери өрөөндөгү жалгыз суу тегирменди иштетет.

Ө.Осмонбеков Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, бул тегирмен ага атасы Осмонбектен мурас болуп калган. Атасы убагында суу жээкке тегирмен куруп, ага суу буруп келген.

«Учурда бул тегирменди мен иштетип жатам. Ал суу менен иштегендиктен анча деле чыгымы жок. Айыл эли мурункудай буудай, арпа, жүгөрү өстүрбөгөндүктөн тегирмен тынымсыз иштебейт. Азыр көпчүлүгүбүз даяр азыктарды сатып алганга үйрөнүп албадыкпы. Мурда буудай көп айдалган кезде жыл бою тынымсыз иштечү. Айрымдар жазгы талаа иштерине делген жүгөрүнү талкан кылып тартып кетишет. Аны электр тегирменге тартышса күйүк даамданып жарма, максымга жакшы болбой калат. Ошондуктан айыл эли суу тегирменге кайрылышат.

Бир кап данды тартууга 1 сааттан ашык убакыт кетет. Ал эми акысына 4 килограмм дан алып калам. Тегирменди айыл эли күнүмдүк колдонгон жарманы даамдуу жасап ичүүгө пайдасы тийсин деген максатта иштетип жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×