Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.05.2016 11:01

Айыл турмушу: Токтогулдук балчы А.Кулукеев Украинадан алып келген аарыларды багат (фото)

Turmush -  Токтогулдагы Толук айылынын тургуну Азамат Кулукеев ата кесибин улантып, 10 жылдан бери үй-бүлөсү менен аары багып, бал алат. Аймактык кабарчы анын иши менен таанышып кайтты.

Балчынын өзүнүн айтымында, учурда бал челектердин санын 200гө жеткирген.

«Бал аарыларды багуунун өзүнүн сырлары бар. Анткени бал аарыларга өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Жакынкы 4 жылдан бери бал аарыларды алмаштырып, Украинадан атайын буюртма менен алдырган «карпатка», «каринка» аарыларын бага баштадым», - деди ал.

Бал тартуу учурунда жумушка апасы, иниси, жубайы көмөктөшөт. «Биздин айыл бал аарысын кармоого абдан ыңгайлуу болгондуктан бул жумушту эч убакта таштабайбыз. Бир гана өндүрүлгөн бал азыгын сатууда кыйынчылыктарды тартабыз. Жыл сайын өндүрүлгөн балды Бишкек шаарына жүктөп барып, 35 литрлик челекке куюлган балды дүңүнөн 4500 сомго чейин сатабыз. Ар кимдин өзүнүн туруктуу кардарлары бар», - деди балчы.

Кулукеев буга катар эле продукцияны сатууда мамлекеттик органдардын иши алгылыктуу болбой жаткандыгын айтты.

«Мен мамлекеттик тийиштүү органдарга түшүнбөйм. Эмне үчүн атка минерлер пахталарды дүң баада сатып алууга мамлекеттик кепилдик программасын иштеп чыгып, бирок бал өндүрүүчүлөргө өндүргөн товарын сатууга шарт түзбөйт? Мисалы Бажы биримдигине кирдик деп сүйүнүп жатабыз. Ушул күнгө чейин Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге мынча тонна бал өндүрүү керек, мынча сомдон алынат деп программа иштеп чыга алышпайт. Эмне үчүн Кытайдагыдай "бир айыл, бир продукт" программасын сунуш кыла алышпайт?

СССР мезгилинде биздин айыл бал өндүрүү жагынан жана өндүрүлгөн балдын сапаты жагынан эң алдыңкы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келгенин карыялар көп айтышат. Азыр айыл ичинде ар бир балчы сезон жакшы болгондо 2 тоннадан 6 тоннага чейин, айрымдары 8 тоннага чейин бал алышат», - деди ал.

Балчы тынбай жаап жаткан жамгыр да ишке кедергисин тийгизип жаткандыгын кошумчалады.

«Учурда жамгырдын тынбай жаашы көпчүлүк балчыларды жүдөтүп жатат. Анткени жамгыр жааган учурда бал аарылар тышка чыкпай калгандыктан, алар чогулткан азыктарын жеп салышат. Мындай учурда шекерден сироп бергенге туура келет. Бул жылы буйруса түшүмдү мол алабыз деп турабыз. Анткени жамгыр көп жаап, талаа чөптөрү жакшы чыкты.

Быйыл бал куюуга идиш таппай калсак керек. Себеби бал жакшы болгон учурда айылдагы мурунку балчылар бал куюуга идиш таппай, тамак-аш куюучу казандарга куюп, ага батпай калса жерди казып, төшөлгөн клёнкага убактылуу куюп турушчу экен», - деди Кулукеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×