Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 18.05.2016 16:42

Бүгүн Тогуз-Тородо «Музейдеги кадыр түн» иш-чарасы өтөт

Turmush -  Бүгүн, 18-май — Эл аралык музей күнүнө байланыштуу Тогуз-Торо райондук тарыхый-этнографиялык музейинде «Музейдеги кадыр түн» иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарага райондогу мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери катышат. Анда улуттук каада-салттарды сактоо, маданиятты өнүктүрүү, музей ишин жакшыртуу тууралуу маселелер козголуп, жергиликтүү өнөрпоздор өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Райондук тарыхый-этнографиялык музей райондук маданият үйүнүн имаратында 1994-жылы ачылган. Азыркыга чейин музейдин имараты жок. Учурда музейде 4030дан ашык экспонат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×