Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.05.2016 15:42

Токтогулда «Жаныбек казы» спектакли көрсөтүлдү

Turmush -  Токтогул районунун маданият үйүндө Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драм театрынын чыгармачыл жамааты даярдаган «Жаныбек казы» драмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук администрациядан билдиришти.

Спектаклдин башкы ролдорун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Бакыт Жумалиев, Шайыр Мамбетова жана башкалар аткарышты. Драмада кыргыз айыл-кыштактарында коллективдештирүү мезгили башталганда мал-мүлкүн өз ыктыяры менен колхозго өткөрүп берсе да, чагымчылардын айынан куугунтукталып, Кытайга качып, андан кийин башка өлкөлөргө жер которууга аргасыз болгон Жаныбек Сагынбай уулунун өз эли үчүн аткарган камкордуктары, анын куугундагы оор тагдыры чагылдырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×