Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.05.2016 19:00

Айыл турмушу: Токтогулдук жубайлар унаага кыргыз орнаменти түшүрүлгөн жабууларды жасайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун тургуну Бектурган Жекшеналиев жубайы менен 8 жылдан бери жеңил унааларга кыргыз орнаменти түшүрүлгөн жабууларды жасап сатышат.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, акыркы убакта айдоочулар кыргыз орнаменти түшүрүлгөн жабууларга көп басым кылууда.

«Жубайым экөөбүз бир топ жылдан бери унааларга жабууларды жасайбыз. Акыркы 2 жылдан бери өзгөртүү киргизүү максатында жабууларга атайын оймо-чиймелерди түшүрө баштадык. Кайненем дагы мыкты чебер болгондуктан, аялыма ар кандай кеп-кеңештерин берип турат. Кыргыз оюулары түшүрүлгөн жабуулар унааларга көрк берип тургандыктан, аларды жасап баштадык. 1,5 жылдан бери орнамент түшүрүлгөн жабууларга суроо-талап көбөйүүдө», - дейт Б.Жекшенбалиев.

Жубайы Назира Өмүркулованын айтымында, кездемелерди өзү тандап келет.

«Жабууларга оюуларды түшүрүү оңой эмес. Аны алгач бирдей көлөмдө кесип алып, жасап чыгам. Биз жумшак эмеректерге да кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн жабууларды жасап баштадык. Жабуулардын баасы 3,5 миң сомдон башталып, кездеменин сапатына жараша жогорулап кете берет», - деди Н.Өмүркулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×