Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Turmush -  Кечээ, 12-майда Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарынын алгачкы сессиясы болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Тогу-Торо районунун акиминин орунбасары Гүлжамал Султангазиева маалымдады.

Анын айтымында, сессияда өкмөт башчысын шайлоо маселеси талкууланды. Сессияга айылдык кеңештин 11 депутаты катышты. Айыл өкмөт башчылыкка 2 адам талапкерлигин койду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 6 депутаттын добушун алган Кадырбек Эпеев Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал ушул эле айылдык кеңештин депутаты жана айыл өкмөттүн катардагы кызматкери болуп иштеп жүргөн.

Азыр райондун Атай айылдык кеңеши айыл өкмөт башчысын шайлоо маселесин талкуулап жатат. Атай айылдык кеңешинде да 11 депутат быйыл 27-мартта жаңыдан шайланган, айыл өкмөттүн башчылык кызматы үчүн 3 адам талапкерлигин койгондугу белгилүү болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1771
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×