Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.05.2016 10:48

Айыл турмушу: Кара-көлдүк сүрөтчү сүйүү темасын сыя менен чагылдырат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 31 жаштагы тургуну Деңизбек Касимов сүйүү темасын сүрөттөрү менен чагылдырат.

Д.Касимов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал мыкты сүрөтчү болууну бала чагынан бери эңсеп келет. Тарткан сүрөттөрүн белгилүү сүрөтчүлөргө көрсөтүп, ал тармакта жогорку билим алууну кыялданат. Өзү кесиби боюнча ширетүүчү.

«Мен кыз-жигиттин элесин гүлгө айлантып тартам. Сүрөттөрдөгү роза гүлү кыздын элеси. Ылдый баш ийип турган түлпан гүлү жигит. Ал эми түбүндө турган алманын сүрөтү өйдө кармап караганда түлпан гүлүн элестетет. Мында бул үч түлпан эки жүздүүлүктүн символу катары берилген. Ал үчөө кыздын курбулары. Алар кыз менен жигиттин сүйүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат. Бирок кыз курбуларынын тоскоолдугуна карабай, жигитине болгон ишенимдүүлүгүн бек кармоодо», - деп ал тарткан сүрөттөрүн түшүндүрдү.

Д.Касимовдун айтымында, ал сүрөттөрдүн баарын сыя калем менен (ручка) тартат.

«Мага сүрөттү карандаш менен тартканга караганда сыя калем менен тарткан жагат. Анан да сыя сүрөттүн көркөмдүүлүгүн арттырып, көзгө кубулуп жакшы көрүнөт. Сүрөт тартууда алгач калемди дүкөндөн сыясына карата тандап алам. Көбүнчө ачык эмес күңүрт түстөгү калемдерди тандап алам. Карандаш менен тартсам кайра-кайра өчүрүп кыйнала берем. Ал эми сыя калем менен жакшы тартам», - деди ал.

Ал сүрөттү көбүнчө түнкүсүн тартат.

«Атайын отуруп сүрөт тартпайм. Ошондой эле тарта турган сүрөттү алдын ала элестете да албайм. Эргүү келгенде тартып отуруп, убакыттын өткөнүн байкабай калам. Тартып жатканда ойлор тынымсыз жаралып отуруп, тартып бүткөн сүрөт менен берейин деген оюм дал келип калат», - дейт сүрөтчү.

Д.Касимов 7-классынан баштап сүрөт тартат. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×