Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.05.2016 09:19

Айыл турмушу: 23 жаштагы кара-көлдүк Мээрим майыптыгына карабай кол өнөрчүлүктү мыкты өздөштүрүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 23 жаштагы тургуну Мээрим Бабаканова кол өнөрчүлүк менен алектенип, шуру, кийизден ар түрдүү буюмдарды жасайт.

М.Бабаканова сүйлөй албайт жана угуусу начар. Анын кол өнөрчүлүгү тууралуу устаты Калбү Бообекова айтып берди.

«Мээрим абдан аракетчил, шыктуу кыз. Жакшы да бийлейт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан абдан аракетчил. Былтыр шаардык мэриянын алдындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборунда тигүүчүлүк курсун окуп бүтүрдү. Быйыл №89 кесиптик лицейдин тигүү жабдууларынын оператору кесиби боюнча 10 айлык курсун окуп, учурда практикада жүрөт. Мени менен шурудан сайма саюу жана үй буюмдарын жасоону өздөштүрүүдө», - деди Калбү Бообекова.

М.Бабаканова 9-класска чейин майыптыгына жараша Бишкектен атайын билим берүү мектебинде окуган.

К.Бообекованын айтымында, ал кийимдерди, үй тиричиликке керектүү буюмдардын түрүн тигет.

«Үйүндө бош отурууну жактырбайт. Ошондуктан мага келип, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Мен каршы болгон жокмун. Учурда экөөбүз көп буюмдарды жасап жатабыз. Келечекте ушул кыз үйүндө бекер отурбай, жумуш орду менен камсыз болуп, өзү сүйгөн иши менен алек болсо деген тилегим бар», - деди Калбү Бообекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×