Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.05.2016 10:17

Айыл турмушу: Токтогулдун тургундары жайкы сезондо 2 миң сомго чейин бааланган балыктарды сатышат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Торкен айылынын тургундары Бишкек–Ош унаа жолунда балык сатуу менен алектенишет. 20 жылдан бери балык сатып иштеген 37 жаштагы Алмаздын айтымында, балык сатуу сезону июнь, июль айларында жакшы болот.

«Бишкек–Ош унаа жолунун боюндагы балык сатуучу жайга айына 2-3 жолу чыгып, соода кылам. Балыктарды балык кармаган адамдардан арзан алып, үстүнө 50-100 сом кошуп сатам. Мага көбүнчө Бишкектен, Чүйдөн жана өзүбүздүн Токтогул суу сактагычынан кармалган балыктарды алып келишет. Чогуу иштеген шеригим бар. Экөөбүз келген балыктарды сатып, жакшы соода кылган күндөрү эки күндө 2000 сом пайда көрөбүз. Аны 1000 сомдон бөлүп алабыз», - деди Торкен айылынын тургуну Алмаз.

Учурда ал 2 кг салмактагы сазан балыктарын сатууда. Ал эми анын 28 жаштагы айылдашы Айбек дагы балык сатып, дыйканчылык кылуу менен үй-бүлөсүн багат.

«Сезон убагында чоң балыктарды 1500 сомдон 2000 сомго чейин сатып алып, үстүнө 100-200 сом кошуп сатам. Күнүнө жакшы соода болсо 500-600 сом тапса болот. Көбүнчө ак амур, толстолобик жана башка балыктарды сатам. Ак амур балыгы 15 килограмм салмактан жогору болот», - деди Айбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×