Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.05.2016 17:51

Айыл турмушу: Кара-көлдүк чебер К.Бообекова бир нече оймо-чийменин автору (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 54 жаштагы тургуну, уз-чебер Калбү Бообекова бир нече кыргыз оймо-чийменин автору болуп эсептелинет.

К.Бообекова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал учурда №89 кесиптик лицейде эмгектенет. Ал уз-чеберчиликтен сырткары сүрөт тартуу менен алектенет.

«Менин апам Медет кызы Үрбү Жазы-Кечүү айылына белгилүү уз-чебер эле. Ал малдын жүнү менен иштегенди абдан кыйын өздөштүргөн. Ал жүндөн ала кийиз, шырдактын түрүн кооз жана оюусу менен боёкторун айкалыштырып жасачу. Бир жылы апамды 8-март майрамы менен куттуктап баралбай, түнү менен олтуруп, ак кагазга анын сүрөтүн калем менен тартып чыккам. Апамдын элесин ошол сүрөткө даана түшүрүптүрмүн. Анткени ушунчалык апама болгон сүйүүм, сагынычым көөдөнүмө толгон экен. Кийин сүрөттүн эч бир жерин оңдоп, түздөгөн жокмун», - дейт К.Бообекова.

Ал билдиргендей кыргыз оюуларын ал өзүнүн фантазиясына жараша ойлоп табат.

«Ырчы Юлия Руцкая жаңыдан Нурак Абдыракмановдун «Аппак сүйүү» аттуу ырын ырдап чыкканда таасирленип, ошол ырчынын элесин чагылдырган оймону жараттым. Мындан сырткары, кыргыздын «Кара жорго» бийин бийлеп жаткан, кыз-жигиттин элесин оюуга түшүрдүм. Бүркүттөр түгөйлөшкөн мезгилде, көк асманда кайкып учуп калышат. Ошол табыйгат куштарга арнап «Бүркүттөр» оймосун иштеп чыктым. Ал эми биздин жерлер тоолуу келет эмеспи. Ошол багытта кыргыз тоолорунун адырларын, бийик чокуларын, ойдуң, түздүктөрүн оюуга салып, «Тоо койнунда» оюусун жараттым», - деди К.Бообекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×