Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуЧаткал району 10.05.2016 12:34

«Чаткал таланттары» китеби жарык көрдү (фото)

Turmush -  Чаткал районунда «Чаткал таланттары» китеби жарык көрдү. Райадминистрация маалымдагандай, аталган китепке райондогу акындардын ырлары топтолду.

Китептин бет ачар аземине район акими Канжарбек Эшалиев баштаган жетекчилер, жыйнакка кирген чыгармалардын авторлору, айыл тургундары, маданият кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө маданият үйдүн кызматкерлери менен мектеп окуучулары ыр жыйнакка кирген ырларды көркөм окуп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×