Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.05.2016 10:00

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну дарылануу максатында эшектин сүтүн ичүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Гүлнар Асанова (аты, фамилиясы өзгөртүлдү) эшектин сүтүн дары катары ичип жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

Г.Асанованын айтымында, эшектин сүтү ашказан, өт, боор оорусуна пайдалуу. Ал дарылануу үчүн атайын Токтогулдагы туугандарынын үйүнө келген.

«Келгениме үч күн болду. Эшекти саай турган учурда анын желинин, саай турган идишти, колумду таза жууп алам. Эртең менен саат 9:00дөн баштап ар 3 саат сайын, 3 же 4 маал саап, сүтүн чыпкалап ичем. Ар бир сааганда экиден чыны сүт чыгат. Ал эми сүтүнүн даамы жылкыныкына окшош таттуу болот экен. Быйыл биринчи жолу, оорунун айынан ичип жатам. Бээнин сүтүн ичкенде чөп жыттанып турат эмеспи, ал эми эшектин сүтүндө андай жыт билинбейт экен», - дейт шаар тургуну.

Г.Асанова белгилегендей, ал эшекти таза жерге аркандап, суу берип, жем берип турат.

«Эшекти ээсинен 10 күнгө сүтүн саап ичүү үчүн 1000 сомго алдым. 10 күндөн кийин кезекте турган башка адамдар алып кетишет. Эшектин сүтүн даарылыкка ичкен адамдардын саны көбөйүүдө. Көбүнчө ден соолугу начар адамдар саан эшекти издеп таап, алып кетишет. Айрымдары айыгып кеткендерин айтышат. Көбүнчө эшектин сүтүн боор, ашказан, өт, өпкө ооруларынан жабыр тарткандар ичишет», - деди ал.

Ал эми Кара-Көл шаарынын баш имамы Бектен ажы Керезбаев эшек шариятта арам экендигин белгиледи.

«Шариятта эшек арамдар тобуна кирет. Ошондуктан анын этин жеп, сүтүн ичүү арам болуп эсептелет. Бирок, эшек эмне үчүн арам экендиги шариятта, анализделип жазылган эмес. Пайгамбарыбыз жылкыны адал, эшекти арам деп айткан. Бекеринен арам деп айтпаса керек. Ден соолукка терс жагы болгондугунан улам айтылган да. Эгер дарыгер бейтаптын оорусуна эшектин сүтү пайдалуу экендигин айтса гана ичүүгө болот», - дейт Б.Керезбаев.

Ал эми Кара-Көл шаарындагы терапевт-дарыгер Зульфия Саитова эшектин сүтүнүн дарылык касиети бар экендигин эч ким изилдебегендигин белгиледи.

«Эл ичинде эшектин сүтүн дарылыкка колдонуп жатышат. Бирок, азырынча жакшы жыйынтык болгонун көргөн жокмун. Эшектин сүтү дагы жылкыныкындай болсо керек. Анткени ал талаадагы чөп менен тамактанат да. Бирок анын дарылык каситети бар экендигин эч ким изилдеген эмес.

Бейтаптарга бээнин сүтүн өз эрежеси менен, дарыгердин сунушу аркылуу ичсе болот», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×